www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 30-июнда кечинде үйүнөн күч менен кармалып кетип, түнүчүн Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү капитан Алмаз Эркинбековго жеткирилген.
Адвокатсыз сурак бербейм дегендиктен, коё берилип, эртеси, 1-июлда, тергөөчүгө адвокат менен кошо барган. Кийин 4-июлга да чакырылган, бирок жолугушуу болбой калган, андан соң 7-июлда саат 15:00гө чакырылган, ошондуктан 7-июлда эртең мененки саат 11де «NazarNews» агенттигине түз ободо интервью берди, бирок андан кийин сурак 11-июлга которулганы белгилүү болду.
30-июнда капитан Эркинбеков көрсөткөн токтомдо – Токтонасыровго каршы кылмыш иши 30-мартта козголгон деп жазылган, бирок эртеси, 1-июлда көрсөтүлгөн токтомдо – кылмыш иши 17-июнда козголду деп айтылат. Токтонасыров – улут, раса жана дин аралык араздашууну козуткан деп күнөөлөнүүдө, бирок ал тууралуу так фактылар келтирилбейт жана эмгиче – анын күнөөсү эмнеде экени так белгисиз. Ага каршы мартта эле кылмыш иши ачылганы тууралуу Өндүрүш Токтонасыров 30-июнга чейин кабардар болгон эмес...