www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Эл аралык университети алдындагы Этнология институтунун директору, тарыхчы Табылды Акеров: Экинчи Чыгыш Түрк каганаты менен салгылашып, 711-жылы кыргыз каганы Барсбек курман болгондон кийин бир топ кыргыз уруулары – тухсилер, аздар жана башкалар – Сибирден Ала-Тоого кайтып келген, анткени алар мурда Түргеш каганынын кичүү уулу Чженбек менен кошо Барсбекке жардам берүү үчүн Енисейге барган. Бул жерде алар Сулук-каган башында турган жаңы мамлекетти түптөгөн.

Кийин, 840-жылы кыргыздар Тогуз-огуз (Уйгур) каганатын талкалагандан соң, генерал Алп Сол Тепектин жетекчилигинде кыргыздар Чыгыш Түркстанга келип, бир топ жерди басып алып, Кашгарга чейин кирип келген. Бул жерде кыргыздар тухси жана аздар уруулары менен аралашып кеткен. Ошол мезгилде кыргыздардын бир бөлүгү Тоолуу Бадахшан жана Балх шаарына чейин көчүп барып, Улуу жибек жолун көзөмөлгө алып, Кашгардан Ферганага, Бухара жана Самаркан шаарларына бараткан кербендердин коопсуздугун камсыз кылып турган. Совет мезгилинде Тоолуу Бадахшан ошол кезде түзүлүп жаткан Тажик Республикасынын курамына кирип кеткен...

Последние новости