www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарыхчы жана коомдук ишмер Табылды Акеров байыркы кыргыздардын тарыхын изилдеп, Кыргызстандын азыркы аймагында биздин заманга чейин жана биздин замандын башында жашаган усундар кыргыз болгон деген жыйынтыкка келген. Барсбек-кагандын доорунда түргөштөр менен кыргыздар тыгыз байланышта болуп, Көк-түрк каганатына чогуу каршы чыккан.

Түргөш каганатын 704-жылы Үчэлиг-каган негиздеген, ал өлгөндөн кийин сары-түргөштөрдү анын улуу уулу Сакал-хан бийлеп калат, Үчэлигдин кичүү уулу Чженбек кара-түргөштөрдү жетектеп, көк-түрктөргө өтүп кетет, бирок алар менен тил табыша албай, кайра кайтып, Барсбек-каганды колдоп калат.

Кийин, 711-жылы, көк-түрктөр Барсбекти талкалаганда, аны менен кошо Чженбектин да башын алган. Кыргыздар Алтын-көлдө Барсбекке да, Чженбекке дагы рун ташын койгон жана Чженбектин ташында: «Мен, Чженбек, түргөшмүн, азгине уруусунанмын», –деп жазылган. Виктор Бутанаев – «азгине», «эзгене» деген уруу азыркы кыргыздардын арасындагы адыгине эле болуш керек деп чечмелеген.

Последние новости