www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Күтүүсүздөн эфирге чыгып, диктор болуп калгам”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку категориядагы ардагер диктор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абас Чикеев.

--“Мен өмүрүмдүн көп жылдарын дикторлук менен алек болдум. Ошону менен катар чыгармачылыкты жандантып, ырдап, обон чыгарып жүрдүм. Бир жолу филармонияга алып баруучу болуп киргем. Бир тууган карындашым мага келип “ага КТРКга конкурс болуп жатыптыр, редактор менен сүйлөшүп көрүңүз. Мен дагы алып баруучу болоюн” деп калды. Аны сүйлөшкөнү азыркы Коомдук биринчи каналга барсам, редактор Абас өзүң текст окуп көрчү деди. Окусам эле “ай сенин үнүң укмуш соонун турбайбы” деп калышты. Бир убакта эле Ак үйдөн чалып, мени болбой диктор кылып алып калышты. Күтүүсүздөн эфирге чыгып, диктор болуп калдым. Ал эми баягы карындашым, бир тууган иним дагы диктор болушту. Ошол күндөн тартып Улуттук телеканалда, радиодо диктор болуп, көптөгөн программаларды алып бардым. Эфирде кыргыз элинин канчалаган залкарлары менен маектештим. Бул өмүрүмө абдан ыраазымын”, - дейт диктор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости