www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт БУУнун 50 миллион доллар грантын ала албай жатат

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын Жашыл климаттык фонду Кыргызстанга 50 миллион доллар грант берүү тууралуу чечимин кабыл алган. Мунун 22 миллион доллары айыл чарбага жумшалат. Калганы климаттын өзгөрүшүнө, айлана чөйрөнү коргоого жана энергетика тармагына коротулат. Бирок бул грантты алууга кыргыз өкмөтү жетиштүү аракет кылбай жатат.

Мындай маалыматты парламент депутаты Нурбек Алимбеков бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Мен айыл чарба министрине, тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге жана Экономика жана каржы министрлигине байланыштым. Документте юридикалык маселелер бар экен. Аны чече албай жатышат. Эгер юристтер коркуп жатышса, анда саясий чечим кабыл алып берели», - деди депутат.

Аталган грантты алуу үчүн Кыргызстан БУУга макулдугун 30-апрелге чейин бериши керек. Маалыматка ылайык, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан ушул программанын алкагында 100 миллион доллар өлчөмүндөгү гранттарды алышкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости