www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар Cаламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламентке келбей жатканын сындап, бүгүн да эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат берүүгө чакырышты.

Эл өкүлү Тазабек Икрамов министрди президент өзү колдой турганын айтып, бирок ал кылган жумушу үчүн парламентте жооп бериши керектигин белгиледи.

«Министрди комитетке чакырсак келбейт, жалпы жыйында кароо чечимин кабыл алсак күн тартибине киргизилбептир. Урматтуу төрага, ушул жерде отурган депутаттарды сыйлаш керек. Президентке жакын адамдарды көргөнбүз, буга чейинки министрлер дагы жакын болгон. Кана ошолор, бүгүн каякта жүрөт? Анчалык асманда жүрбөш керек. Ушул жерге чакырып, отставкасын карашыбыз керек», — деди Икрамов.

Ал эми Дастан Бекешев мындай мамилеге депутаттар өзү күнөөлүү экенин айтып чыкты.

«Уу коргошун ичкенге убакыт тапкан министр эмнеге парламентке келе албайт. Мүмкүн 24 саат бою президент менен резиденцияда отургандыр. Албетте, өзүбүз күнөөлүүбүз, ушул жерден жаңы Конституцияны өткөрүп бергенбиз. Бул авторитардык режимдин күчү. Парламентти министрлер сыйлабай калды, керек болсо алар депутаттарга чалып алып коркутат. Азыр келсин, карап көрөлү, болбосо ишенбөөчүлүк көрсөтүп иштен кетирели», — деди Бекешев.

Натыйжада Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев чакыртылып, отчётун угуу күн тартибине киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости