www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жалал-Абад шаарындагы 24 үй көчкү коркунучунда турат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова.
--“Мен Жалал-Абад шаарындагы “Курорт” санаториясынын тегерегиндеги 731 үй-бүлөнүн көйгөйүн көптөн бери көтөрүп келем. Өкмөт алмашкан сайын унутулуп калып жатабы, же чечкилери келбейби, түшүнүксүз. Өкмөт жергиликтүү бийликке түртүп коюп, менин кайрылууларыма жооп бербей кутулуп жатышат. Ал жерде 24 үй көчкү коркунучунда турат. Калгандары үйлөрүн эмнеге сатышы керек? Ошол аймактагы тургундар көп жылдан бери жашап келишет. Бирок, өздөрүнүн үйлөрүнө мамлекеттик акт, кызыл китеп ала албай жүрүшөт.
Ошондон улам пенсия, жөлөкпул жана башка мамлекеттин кызматтарын ала албай жатышат. Чындыгында жергиликтүү эл кыйналып кетти. Бул маселени бир канча жолу Жогорку Кеңештин жыйындарында көтөрүп келем. Мамлекеттик тийешелүү органдар ошол жерге барып, абал менен таанышып, үйлөрдүн документтерин көрүп келсе болмок. Ушуга окшогон көйгөй ар бир айылда бар. Карапайым элдер жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып эле калып калышат”, - дейт эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg