www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Ата районунда чет өлкөлүк студентке бычак саюуга шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 27-апрель күнү болжол менен түнкү саат 04:21 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканага бычактан жаракат алган эркек киши жаткырылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тергөө тобу ооруканага барып, бейтаптын өздүгүн такташкан. Ал 1998-жылы туулган Ш.Н. экендиги жана жогорку окуу жайлардын биринде окуган чет өлкөлүк жаран экендиги аныкталган.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Чүй ОИИББдин жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 2003-жылы туулган Ч.М. аттуу жергиликтүү жашоочу кармалды.
Алдын ала маалымат боюнча, жогорудагы окуя кызганычтан улам келип чыккан.
Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg