www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"30 жылда мектептер салынган жок", - дейт кечээ, 31-августта NazarNews маалымат агенттигине Улуттук гвардияны негиздеген, базасын түзгөн генерал-полковник, аскер башчы Абдыгул Чотбаев.
--"31-август - Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!
Асманыбыз бүркөлбөй, түндүгүнөн күн нуру чачыраган кызыл байрагыбыз бийиктиктерде желбирей берсин! Өлкөдө тынчтык өкүм сүрүп, кыргыз эли кырсыктардан алыс болсун! Көп улуттуу мамлекетибизде биримдиктин ыры ырдалып, наристелердин кубанычтуу күлкүсү ар дайым жаӊырып турсун!
Кыргызстан бардык улут өкүлдөрү биримдикте жашаган куттуу өлкө. Андыктан, мекенибизди сүйөлү жана аны көздүн карегиндей сактайлы.
Мамлекетибиз биз үчүн ыйык, атадан калган таберик экенин эстен чыгарбайлы. Мекен жүгүн көтөрүү ар бир азаматтын милдети. Биздин күчүбүз-биримдикте жана ынтымакта!
Ал эми ушул 30 жылда жылыштар болду. Бирок мектеп салынган жок. Айылдарга барсаң баягы жэле эски мектептер турат. Бала бакчаларды салышса болот эле. Ошондуктан азыркы жетекчилерге айтаарым, билим тармагына көнүл буруп, мектеп, бала бакчаларды салышсын", - дейт Чотбаев.
Булак: NazarNews.kg