www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистандык өспүрүм бала өлкөсүндөгү кырдаалга ыза болуп, ыйлап отурган видео социалдык тармактарга жайылып кеткен. "Улуу адамдарды кечир", - деп интернет колдонуучулар жазышкан.

Эске салсак, 15-августта "Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулду басып алды. Ага чейин өлкөдөгү дээрлик бардык аймактарга көзөмөл орноткон. Талибдер учурда өлкөдөгү саясий бийликти куроого аракет кылып жатат.

“Талибан” баш калааны басып алгандан кийин алгачкы билдирүүлөрүндө шарияттын негизинде инклюзивдүү өкмөт түзөрүн, аялдардын укугу "ислам алкагында" урматталарын билдирген. Бирок буга карабай жер-жерлерде аялдарга карата чектөөлөр, айрым зомбулуктар жөнүндө кабарлар келүүдө.

1996-2001-жылдары талибдер Ооганстанды башкарып турганда аялдарга күйөөсү же эркек туугандарынын коштоосу жок көчөгө чыгышына тыюу салынган. Алардын билим алуусу жана жумушка орношуусуна катаал чектөөлөр болгон. Аялдар денесин толугу менен жаап, оронуп жүрүүгө милдеттүү болчу. Мындай талаптарды аткарбагандар өлүм жазасына тартылган.

Видео kaktus.kg баракчасынан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости