www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бир нече тарапташтары Ала-Тоо аянтына келди.

Түз эфир берип жаткан журналисттерди митингдин катышуучулары токмоктогонго чейин барышууда. Аянтта жүргөн митингчилердин лидери жок. Алар өтө кызуу кандуу. Беттерине бет кап ороп алышкан. Тасмага тартууга мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Ушул тапта атайын кызматтык топ келишти - деп билдирди жеринен кабарчыбыз Маадан Таалайбек.  

УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жыйынтыгында 40 тан ашуун жаран жаракат алып, бири кизи каза таап, милиция кызматкери оор абалда.

УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастап, операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок экендигин жарыя кылган.

Башкы прокуратура 7-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы бүгүн, 8-августта кечки саат төрттө башталып, кечке жуук Атамбаев атайын кызматтар кармап кетишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости