www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жылдан бери жумуш жок болуп 150 айдоочу жумушсуз калды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта NazarNews маалымат агенттигине Ош шаарынын тургуну билдирди.

«Райымбек Матраимов кармалгандан бери 150 айдоочу жумушсуз калды. Анын бизге жардамы чоң болчу. Анткени, Райымбек Матраимов Кытай менен байланыш түзүп кантип иш алып барууну билет. Чек ара жабылып, чет өлкөдөн товар келбей калды. Кытайдан товарлар башка өлкөлөдөн өтүп анан Кыргызстанга келет. Бул көп убакытты талап кылат жана текке кетип жатпайбы.

Өкмөт ушулардын баарын ойлонуп туруп Райым Матраимовду кайра кызматына койсо жакшы болмок. Элдин да пикири эске алынсын. Бир жылдан бери жумушсуз үйдө отура берген болмок беле, карапайым элди ким ойлойт. Биз деле үй-бүлө багалы деп жүрөбүз.

Райымбек Матраимовдун иштеп турган кезинде бир жумада товарды алып аны кайра Ташкентге ошол замат эле өткөрүп берчүбүз. Азыр болсо товарларды бир айлап күткөнгө туура келип жатат. Ал эми базарларда кийим-кече, тамак-аш, азык-түлүк баары кымбаттап жатат. Кризис кайрадан күч алды. Карапайым эл кыйналып бүттү», - деди Ош шаарынын тургуну.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости