www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“21-кылымда бир айыл эмес, бир көчө электр энергиясыз турганы уят”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова.
--“Мен депутат болуп келгенден бери Кыргызстандын көпчүлү аймактарын кыдырып, карапайым элдин көйгөйүн көп көрдүм. Кээбир жерлерге ушул убакка чейин свети жок айылдар бар экен. Мисалы, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылы ушул жылга чейин электр энергиясы жок жашады. Балдар сабак окуганда кыйналышат экен. Керек болсо тест тапшыраарда эки саатка дагы свет жок кыйналышат. Электр энергиясыз жашап келген элге боорум ооруду, мени аябай өкүндүрдү. 21-кылымда бир айыл эмес, бир көчө электр энергиясыз турганы уят. Менин тапшырмамдын негизинде быйыл Улуттук Энергохолдинг Жазы-Кечүү айылын электр энергия менен камсыз кылды. Дагы терс жагдай, ушунча жылдан бери Улуттук Энергохолдинг, жергиликтүү бийлик бул маселени чечпей, элеттиктерди кыйнап келгени. Мамлеккеттик компаниялар жана жергиликтүү бийлик электр энергия, таза суу, медициналык камсыздоо, жолдор сыяктуу маселелерди ыкчам чечүүгө милдеттүү", - дейт эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg