www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист, жазуучу жана коомдук ишмер Айдос Нурланов Рыспай Исаковду каттаган Гиннести сотко берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. 

"Соңку жылдары кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы — "Манас" эпосун талкалап, тебелеп-тепсеп, шылдыңдап, бурмалап отуруп жок кылгысы келген жаттама манасчылар менен ичтеги жана сырттагы душмандар өтө көбөйдү.

Манас дүйнөлүк саясатта жана башкарууда эбегейсиз зор роль ойнойт. Ошол себептен, сырткы душмандар ички душмандар менен биригишип, кыргыз элинин баалуулуктарын  жокко чыгарууга, талкалоого болгон күч аракеттерин болушунча жумшашууда.

Рыспай Исаков Түркиянын Бурса шаарына барып, Манас айтымыш этип Гиннеске киргенин баарыбыз билебиз. Ошол кезде жаттаган Манасы жарым күнгө жетпей түгөнүп калып, андан ары ойду-келди дөөрүп айта баштаган. Анын максаты эптеп эле Гиннеске кирүү болчу. Бирок узак мөөнөткө Манас айта албай, Манас айтуунун жана Гиннестин эрежелерин, талаптарын аткара албай калып, Манас эпосундагы жок сөздөрдү кошуп, өз билемдикке салуу менен Манас эпосун болушунча шылдыңдап, тебелеп тепседи.

Гиннестин Дубайдагы жана Түркиядагы өкүлчүлүгү биригип алышып, Рыспай Исаковду коррупциялык жол менен Гиннеске каттап коюшту.

"Узак мөөнөткө үн чыгарып сүйлөө боюнча рекорд койду" болгон Рыспай Исаков Кыргызстанга келип, "Манасты узак мөөнөткө айтып салдым" деп кыйынсынган. Ооба, берилген сертификатта ошентип жазылды, бирок Гиннестин документтерине Манас айтты болуп катталган.

"Бизде 100% коррупция жок" деген Гиннес тескерисинче коррупциялашып кеткен.

Мунун жыйынтыгында ГИННЕСТИ ДҮЙНӨЛҮК СОТКО БЕРДИМ.
Аны менен кошо Рыспай Исаковду, Түрксойду, Султан Раевди, Гиннестин Түркиядагы жана Дубайдагы өкүлчүлүгүн, жалпылап айтканда уюштуруучулардын баарын дүйнөлүк сот күтүп турат.

1. Рыспай Исаков Дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине коррупциялык жол менен катталган;

2. Гиннесте далил катары Рыспай Исаковдун видеоматериалдары жок;

3. Манас эпосунда Рыспай Исаков айткан Нурбек, Дастан, эки дос аттуу аталыштар жок. Подгузник, шымды булгап алуу, аны кайра катуу, жел чыгаруу, чыккан желине думугуп кетүү жөнүндө эч бир эпизоддордо баяндалбаары турган иш.

Рекорддор китебине катталуу үчүн Манас айтып жаткан кезиндеги видеолорун Гиннес өзүнүн Ютуб каналына жана сайтына жайгаштырган эмес. Бул видеолор кыргызстандыктарга тарап кеткенде, артын жабыш үчүн буга тиешеси бар адамдар дароо жок кылышкан. Негизи, интелектуалдык рекорд тургай, жыгачка мык каккандын да видео далили сакталат. 

Рыспай Исаковду карап, баамдап олтурган казакстандык Баянгали Алижановго дагы бир топ суроолор болот. Өзү Манас эпосун араң жаттап, манасчы аталымыш этип жүргөнү аз келгенсип, Манасты шылдыңдагандарга кошулуп, казак элинин атынан ушундай ыплас ишке өкүл болгонуна катуу өкүнөт! 

Эгер Рыспай Исаков Манастын маанисин бурмалабай, кыраатын келтирип, деңгээлин төмөн түшүрүп тантыбай айтканда мен колдойт элем. Бирок, подгузнигин булгап, аны кайра Манаска кошуп айтып, аны чечип ыргыткандан кийин отурган жерине заара ушатып, уктап, ачкалыктан өлөйүн деп калган кулдай тамакты жутунуп жеп, "Канча калды убакыт, уйкум келип баратат" деп улам-улам какшанып, тамакты жутунуп жеп алганына ичи көөп, кайра-кайра сыртка чыгып, өзүнүн чыгарган желине өзү думугуп, "Дем жетпей бара жатат, эшикти кенен ачкыла" деп көп сүйлөнгөнүн көрүүгө болот.
Бул белгилеп айткандарымды видеодон көрүңүз. Ушул жосунсуз жоруктары далил катары видеодо кашкайып көрүнүп турат.

Өзүнө окшогон өзүнүн Нурбек, Азиз, Дастан аттуу шакирттеринен тарта, операторлорго чейин Манаска каарман кылып кошуп, узакка чейин айтып жиберди. Бир кезде бийликке жини келдиби, айтор, эки досту "Тырышсаң дагы кетесиң,
Кетсең дагы кетесиң.
Кессең дагы кетесиң", - деп Манаска кошуп айтып, баягы жерден отурган орундугунун кырына олтуруп, колуна кружка кармап алып, митингге чыгып салды. Жанындагылар айласы жоктон каккан казыктай олтуруп беришти.

Гиннесте ар бир рекорд койгон катышуучунун видео далили болот. Рыспайдын видео далилин Гиннесттен сурасам, какап-чакап жооп бере албай коюшту. Демек, алдыда дүйнөлүк сот!

Ушул окуянын баардыгы Түркиянын Бурса шаарында болгон. Бул боюнча Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга, Бурса шаарынын мэрине кат жолдодум. Алар кыргызга душман кылбас ишти кылган Түрксойдун катчысы Султан Раевди катуу текшериши керек.

Мен Манас атабыздын тарыхын бурмалап, шылдыңдап, тебелеп-тепсөөгө жол бербейм!"

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости