www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Легендарлуу парламенттин депутаты, экс-министр, академик Жамин Акималиев NazarNews маалымат агенттиги аркылуу Садыр Жапаровго кеңеш берип, жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
--“Мен Орусиянын президенти Путиндин бир жакшы жерин баалайм. Ал кыйын 100дөн ашык адис, академик жана илимпоз айланасына чогултуп алган. Анда бардык тармактын өкүлдөрү бар. Бир жылы “билим жылы”, кийинкисинде “маданият жылы” деп жарыялап коёт. Анан ошонун негизинде ар бир тармактын сапатын жакшыртып, өркүндөтөт. Биздин президент дагы ушундай кесипкөй адистер менен тыгыз иштешип, кеңешип иш алып барса дейм. Жакында Садыр Жапаров айыл чарбасы боюнча мыйзамга кол койду. Абдан жакшы болду. Мен кубаттап колдодум. Бирок ичинде кемчиликтер бар. Тактап айтканда илим жетишсиз болуп калган. Негизи илим менен практиканы айкалыштырып, байласа эң жакшы болот. Мени чакырып кеңеш сураса мен жөн эле кеңеш бермекмин. Эч нерсе деле сурабайт элем. Кыргыздарда уулулар акыл-насаат айтып турушкан. Ошол сыңары акылдуу адамдардын пикирин угуп, кеңешип кесип иш кылсак болот эле. Билгендерибизди муундан-муунга үйрөтүп, келечекти жакшыртышыбыз керек да. Азыр саясатта ар кандай болуп жатат. Жапаровго жолугууга азырынча жол жок. Айланасындагы адамдар кандай жеткирет билбейм. Андыктан Жапаров колго алып, көпүрө түзүп, кыйын кесипкөй адистер менен биргеликте иш алып барса өзүнө жеңил болмок. Жетим калган жерге, Садыр Жапаровго айыл чарба тууралуу кеңеш берет болчумун”,- дейт Акималиев.
Булак: NazarNews.kg