www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын ири шаарларында президенттик шайлоодон кийинки элдик толкундоолордон корккон ишкерлер дүкөндөрдүн жана коммерциялык ишканалардын эшик-терезелерин тактай менен бекитип жатышат. Бул тууралуу CNN маалымдады.

Өзгөчө Вашингтон шаарындагы Ак үйдүн аймагында жана Нью-Йорктун борбордук көчөлөрүндөгү кафе-ресторандар, дүкөндөр жана сулуулук салондору "даярдык" көрүүдө.

"Президенттик шайлоодон кийинки толкундоолордон коркуп ушунчалык бекинип алган имараттарды көрөм деп эч качан ойлогон эмесмин. Азыр Вашингтон, Нью-Йорк, Лос-Анджелес жана башка шаарларда ушундай көрүнүш. Жүрөк ооруйт", — деп өзүнүн Twitter баракчасына журналист Вольф Блитцер жазды.

Нью-Йорктогу Trump Tower имаратынын тегерек четин эки катар темир менен тосуп, кире беришинде куралчан полиция кызматкерлери нөөмөттө турат.

Эске салсак, бүгүн, 3-ноябрда, АКШда президенттик шайлоо болуп жатат. Негизги таймаш учурдагы президент Дональд Трамп менен мурдагы вице-президент Жо Байдендин ортосунда болууда. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости