www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сулайман Муратов сатып алган үйүнө байланыштуу көп жылдан бери акыйкат издеп, кайрылбаган жери калган эмес. Бул тууралуу ал NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
--Садыр Нургожоевич мен көп жыл мурда Чүй облусунун Жайыл районунан үй сатып алгам. Бирок ал үй талаш болуп чыгып, соттор менен ушул убакытка чейин алышып келем. Кайрылбаган жерим калган жок. Башкы прокурор Курманкул Зулушевге бир канча жолу кайрылдым, бирок ал кабыл албай койду. Мени жабыркаткан Жайыл райондук соту Чолпон Асанова, Чүй облустук соту Дамир Оңолбеков, Жогорку соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашева менин ишимди баш аламан кылып, өздөрү менин үйүмдү тартып алышты. Бул жерде алар мамлекеттик каттоо кызматын жана башка тиешелүү кызматтардын баарын акчага сатып алышкан. Мен коррупцияга баткан сотторду жоопко тартылышын талап кылам. Урматтуу Садыр Нургожоевич сизден ушул маселени көзөмөлдөп, акыйкат чечип беришиңизди өтүнөм”, - дейт Муратов.
Булак: NazarNews.kg