www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда жекшембиге белгиленген нааразылык жыйынынын ирегесинде оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын айрым жөкөрлөрүнө кысым күчөдү.

Кечээ, 29-январда Москвадагы Тверской соту «санитардык иш» делген окуя боюнча кармалгандардын бардыгын үй камагына кесип, тергөөчүлөрдүн талабын канааттандырды. Бул иш 23-январдагы өлкөдөгү Навальныйды колдогон массалык нааразылык жыйындардан соң ачылган.

Жемкорлукту изилдөө максатында Навальный негиздеген кордун юристи Любовь Соболь, оппозициячыл саясатчынын бир тууганы Олег Навальный, Москвадагы штабдын координатору Олег Степанов, «Pussy Riot» кыймылынын өкүлү Мария Алехина, «Дарыгерлер альянсы» кесиптик кошуунунун башчысы Анастасия Васильева 23-мартка чейин үй камагына өкүм кылынышты. Аларга электрондук билерик тагылды. Аларга 23-январда коронавируска каршы киргизилген санитардык-эпидемиологиялык чектөөлөрдү бузду, деген айып коюлган.

Тасма. А.Навальныйдын Москвадагы тарапташтарынын үйлөрүн тинтүү.

Сот имаратынын жанына чогулган кабарчыларга коронавируска каршы киргизилген чектөөлөргө байланыштуу сот залына кирүүгө уруксат берилген жок.

Навальный жана аны шериктери 31-январда жалпы өлкө боюнча нааразылык жыйындарын кайталоону көздөп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости