www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Акчалуу байлар жакшы кызмат орундарын сатып алышат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине саясий серепчи Алмаз Тажибай.

--“Бизде бийликтегилер коомду өз кызыкчылыгына колдонуп келишти. Кадр маселеси акчага көз каранды болуп келгени баарыбызга маалым. Андыктан мыйзам чыгара билген, аткаруу бийликти жакшы алып кете турган адам жетекчи болгону туура. Акчалуу байлар тактыларды, каржы булагы жакшы кызматтарды сатып алышат. Аскар Акаевдин убагынан бери эле орундарды сатып бизнес кылып жүрүшөт. Малекеттик кызматтардын жогорку кызматтарын укмуш соодалашып, ээлеп отурушат. Алардын билим деңгээли төмөн.  Эл буга нааразы болгону менен көнүп деле калдык. Саясатта дагы тааныш-билиш болуп калды. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө кадрларды тандоодо заманбап болуп калды. Бул жагынан алганда Кыргызстан артта калдык. Шайлоого келгенде рекламадан гана көрүнүп, акчалуулар өтүп жатат. Ошондуктан баардык партия же кандидат болобу бир типте маалымат бериши зарыл. Буга байланыштуу Кыргызстанда баарын акчага сатып алса болот деген түшүнүк тереңдеп кетти. Коррупция тамырлашып кетти. Азыр ушул саздан чыга албай тытышып жатабыз. Саясатчылар бири-бирин чукушуп, кайра эле тааныш билиш, акча маселеси менен чечилип жатат”, - дейт серепчи.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости