www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргелешкен кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы саламаттык сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга да кол коюлган.

Эки өлкөнүн министрлери кол коюлган документтер менен алмашкан учурда Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри пандемиянын шартына ылайык өзбек кесиптештиги менен кол алышуудан баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости