www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстанда ун жана нан тартыш болуп жаткан маалда Ашхабадда ондогон наабайкана өз ишин токтотууга аргасыз болду. Натыйжада жеке сектордогу жүздөгөн киши жумушсуз калды.
Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирет. Маалыматка караганда, бир апта мурун Ашхабадда 30дан ашуун жеке наабайкана ишин токтоткон. “Айрым ишканаларда 10дон аял иштеген. Натыйжада наабайканалардын жабылганынан жүздөгөн адам жумушсуз калды”, - деп билдирди жабылып жаткан бир ишкананын кызматкери.
Наабайканалардын кызматкерлеринин айтымында, жумушту токтотууга жергиликтүү өндүрүштөн чыккан ундун жоктугу, импорттолгон ундун баасынын кымбаттыгы себеп болду.
Түркмөнстанда акыркы бир нече жылдан бери азык-түлүк тартыштыгы өкүм сүрүүдө. Бийлик болсо өкмөт жыйындарында жылына 1 миллион 400 миң тонна буудай түшүмү жыйналып жатканын айтып, каатчылык жөнүндөгү маалыматтарды төгүндөп келет.
Булак: NazarNews.kg