www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайрат Кошбаков президентинин Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет. Буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кайрат Кошбаков 35 жашта. Буга чейин Бишкек мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын башкы адиси болуп иштеген. 2011-2013-жылдар аралыгында Дубай шаарындагы туристтик, кыймылсыз мүлк жана логистикалык бир катар компанияларда эмгектенген. Адистиги боюнча мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун менеджери. Бир нече чет тилде сүйлөт.

Ага чейин бул кызматты Мамыржан Рахимов аркалап келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости