www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус инфекциясына байланыштуу "кызыл зонада" иштеген медицина кызматкерлери эки айдан бери айлык ала элек. Дарыгерлердин айлыгын берүү үчүн бюджеттен кошумча каражат бөлүү маселеси бүгүн, 19-октябрда, Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде каралды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ФОМС) 480 млн, министрликке 100 млн сом керек экенин билдирди.

"Бизге каржылоо ачылбагандыктан, август-сентябрда "кызыл зонада" иштегендердин айлыгын бере албай калдык. Азыр сиздер ачып берсеңиздер ушул жуманын аягына чейин маянанын баардыгын төлөйбүз", - деди министр. Депутат Арысланбек Акбаров айрым аймактарда дарыгерлер июль айынын айлыгын да ала албай жатканын белгиледи. Комитет министр сураган каражатты бөлүп берүүгө макул болду.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 19-октябрда ооруну жугузуп алган эки бейтап каза болду. 93 адамдан коронавирус инфекциясы жаңы аныкталды. Илдеттен каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар экени айтылууда.

Учурда 571 адам ооруканада, 527 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 180 006 адамга жетти, 2 638 адам каза болду.

Кыргызстанда инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1,6 миллиондон ашты. Алардын 914 миңге жакыны вакцинанын биринчи дозасын алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости