www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча буга чейин чыгарылган сот өкүмүн кайра күчүнө киргизди. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу жактоочу Сергей Слесарев билдирет. Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотууга айыпталгандардин бири — мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.

Жактоочунун айтымында, эми Жогорку сот мамлекеттик айыптоочулардын жазаны катаалдаштыруу жөнүндө өтүнүчүн карайт. «Жогорку сот мурдагы чечимин жокко чыгарды. Ага юридикалык жактан эч кандай негиз жок болчу», - дейт Слесарев.

Буга чейин биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор Атамбаевди Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен күнөөлүү деп таап, 11 жыл 2 айга эркинен ажыраткан. Бирок 2020-жылы 30-ноябрда Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциядагы сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости