www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адвокат Таалайгүл Токтакунова - Кыргызстанда уурдалып, бир айдан кийин Түркияда табылган "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инанды Бишкекте эле кыйноого кабылганын айтып чыкты. Бул тууралуу жактоочу өзүнүн Facebook баракчасына Түркиядагы кесиптешинин айткандарына таянып жазды.

"Орхан Инанды мырза аны кантип уурдаганын, кандай оор кыйноого кабылганын баяндап берген (аны мага Анкарадагы кесиптешим айтып берди)... Эң өкүнүчтүүсү жана коркунучтуусу - кыйноо Бишкекте эле башталып, алар эстафетаны түрк кызматтарына өткөрүп берген. Аны үч киши уурдаган, алардын экөө - кыргыз. Дароо эле машинеден колун сындырышкан".

Токтакунова буга чейин Инандынын өзүнүн иши боюнча сот баштала электигин, отурум 26-октябрга белгиленгенин билдирген. Ошондой эле, Инандынын колу үч жеринен сынганын, ден соолугу начар экенин кошумчалаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 18-октябрда Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитетинин жыйынында Орхан Инандынын жарандыгына байланышкан маселени көтөрдү. Ал Тышкы иштер министрлигинен Инандынын укугу боюнча абалды талдоону талап кылды.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып келгенин айткан. Түркиядагы жактоочусунун айтымында, Инандынын колун Бишкектен уурдоо учурунда сындырышкан, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну талап кылды. Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарган" деп айыптап жатканын "Анадолу" агенттиги кабарлаган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш иши козголгон.

Президент Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кылаарын айткан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости