www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөрдөн түшкөн 5 млрд  сом максатсыз колдонулган

2020-жылы “Кумтөр голд компаниден” түшкөн 5 млрд сом максатсыз колдонулганы аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын былтыркы республикалык бюджетти аткаруу боюнча текшерүүнүн жыйынтыгында баяндалат.

Аудит көрсөткөндөй, өкмөт 3 млрд 843 млн сомду бюджеттин чыгашасын жабууга жумшаган. Мындан тышкары 1 млрд 72 млн сом “Ишкерчилик субъектилерин каржылоо” программасынын алкагында керектелген. Ошондой эле, 522 млн сом казына системасынан сырткары пайдаланылган, ал 2020-жылкы бюджеттин чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлбөй калган. Мамлекеттик салык кызматы кабарлагандай, 2020-жылы кенден 9 млрд 985,1 млн сом салык түшкөн.

Кыргызстандын республикалык бюджети былтыр 137 млрд 100 млн сом киреше, 172 млрд 700 млн сомго чыгаша менен чыккан. Натыйжада дефицит 35,6 млрд сом болуп, Кыргызстандын эгемен тарыхындагы рекорддук чекке жеткен. Өкмөт тартыштыкты сырттан алынган насыя жана башка каражаттар менен жапкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости