www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы муниципалдык системада иштеген кызматкерлердин коррупциялык аракеттери тууралуу маалымат берүүнү суранат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. «Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз коррупциялык фактыларга күбө болсоңуз, муниципалитеттин колл-борборуна фото жана видео фактыларды жөнөтүүнү суранабыз: 0554 182-185 же 1840 жана 1850 номурларына чалыңыз», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мэрия Коопсуздук кеңеши менен биргеликте коррупциялык тобокелчилик көрүнүштөрүнүн тизмесин иштеп чыккан жана бекиткен. Учурда Коопсуздук кеңешинин эксперттик тобу Муниципалдык менчик башкармалыгында жана Жер ресурстар башкармалыгындагы коррупциялык тобокелдиктер менен схемаларга анализ жүргүздү. Жыйынтыгында коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча деталдуу план иштелип чыккан.

Ошондой эле, азыр айрым муниципалдык ишканаларда аудиттик текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Жыйынтыктары боюнча сөзсүз маалымат берилет. Жакын арада башка структуралык бөлүмдөрдө да ушундай текшерүүлөр болот. Мындан тышкары, коррупциялык тобокелдиктерге мониторинг жана анализдөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости