www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес өлкөдө сойкулукка тыюу салынаарын жана андайга баргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын убада кылды. Бул тууралуу BBC News кабарлайт. Валенсияда үч күнгө созулган Социалисттик партиянын съездинде тарапкерлер алдында сүйлөп жатып, Санчес бул практика «аялдарды кул кылат» деди.
1995-жылы Испанияда иштеген адамдардын коопсуздугун жакшыртуу үчүн сойкулук криминалдаштырылган. Секс-кызматкер менен потенциалдуу кардар ортосунда ортомчулук кылуу мыйзамсыз. Учурда Испанияда 300 миң сойку иштейт деп болжолдонот. Анын үстүнө, алардын айрымдары, полициянын эсептөөлөрү боюнча, сексуалдык кулчулукта.
Испаниянын Социалисттик жумушчу партиясы 2019-жылдагы шайлоо программасына сойкулукка тыюу салуу демилгесин кошкон, бирок андан бери бул багытта эч нерсе жасалган эмес.
Көптөр муну аялдар арасында партиянын популярдуулугун жогорулатуунун жолу катары карайт. Секс индустриясын изилдеген испан журналисти Сезар Жаранын айтымында, секс соодасы Испанияда күнүнө 7-8 миллион евро киреше алып келет, аны менен өлкө Европада Германиядан кийинки сойкулуктун экинчи базары жана «эл аралык мафиянын баш калкалоочу жайы» болууда.
Булак: NazarNews.kg