www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоого канча каражат сарпталаары айтылды

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө 592 млн 350 миң сом каражат керектелет. Бул тууралуу БШК мүчөсү, президенттик администрациянын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана каржы саясаты бөлүмүнүн мурдагы башчысы Искандер Гайпкулов 19-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Конституциялык мыйзамдын негизинде каражат 36 чөлкөм боюнча эсептелип чыкты. Мындан сырткары, беш жерде - эки шаарда, үч айылдык кеңеште шайлоо өтүш керек болчу. Муну дагы бюджеттин акчасын үнөмдөө максатында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо менен бир күндө өткөрүүнү пландап жатабыз. Мыйзам буга жол берет. Биз мындан 47 млн сом үнөмдөп жатабыз», - деди ал.

Гайпкуловдун айтымында, 2020-жылдын 4-октябрындагы шайлоого катышкан партиялардын 80 млн сом күрөөсү кайтарылып берилген. Жыйынтыгы жокко чыгарылган ал парламенттик шайлоого 16 саясий партия катышкан.

Эске салсак, былтыр октябрь окуяларынан кийин шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, босого чек жети пайыздан үч пайызга түшүрүлүп, кийин кайра 5 пайызга көтөрүлгөн. Өлкөнүн аймагында №2 форма менен добуш берүү жокко чыгарылып, күрөө 5 миллион сомдон 1 миллион сомго чейин азайтылган.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу чолкөмдөрдөн келет. Шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирип, 18-октябрга карата 21 партия катталган.

Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 29-октябрда аяктайт. 29-октябрда үгүт иштери башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости