www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Болжолдуу түрдө Түркиядан келген хакер АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын веб-сайтынын бир бөлүгүн бузуп, ал жерде Түркиянын лидери Тайип Эрдоган бар видео жарыялаган, деп жазат VICE. Басылманын маалыматы боюнча, хакерлик чабуул петицияларга же суроо-жоопторго кол коюу үчүн колдонгон веб-сайттын субдоменине таасир тийгизген.
«Алланы унуткан жана ал өзүн-өзү унуткан адамдарга окшобогула. Алар жаман», - деп эки тилде, англис жана түрк тилдеринде жазылган, бул - Курандын сүрөлөрүнүн бири.
Сайт RootAyyildiz деген хакер тарабынан жасалганын көрсөткөн. Ал, ошондой эле, YouTube видеохостингинде Түркиянын президенти бар жана улутчул мүнөздөгү видео жарыялады. Хакер VICEке - өз кодун киргизүүгө мүмкүндүк берген SSTI ыкмасы менен хакердик чабуул жасаганын айткан. RootAyyildiz'дин айтымында, веб-баракчанын бул бөлүгү үч айдан бери анын көзөмөлүндө.
«Хакердик чабуулдарды ишке ашырууга мүмкүн болгон көптөгөн ыкмалар бар, мисалы, социалдык медиа аккаунттарын же веб-сайттарды бузуу. Мен хакер-активистмин, менин үнүм коомчулукка жетүүсү үчүн көптөн бери веб-сайттарда иштейм», - дейт хакер.
VICE белгилегендей, интервенциялардын мындай түрлөрү көбүнчө өтө тажрыйбалуу эмес, бирок сайттагы мазмунду өзгөртүүгө жөндөмдүү хакерлер тарабынан жүргүзүлөт. Кыязы, RootAyyildiz буга окшош хакерлик аракеттерди буга чейин да жасаган. Трамптын өкүлдөрү маалыматка комментарий берүү боюнча басылманын өтүнүчүнө жооп бере элек.
Булак: NazarNews.kg