www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги муниципалдык унаа токтотуучу жайлар майрам жана дем алыш күндөрү акысыз иштейт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет. Иш күндөрү саат 8:00дөн 20:00гө чейин ал жайга унаа токтоткондор 25 сом төлөйт.

Муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын даректери:

Киев көчөсүнүн Жаш Гвардия проспектинен Кулиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Бейшеналиева көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Токтогул көчөсүнүн Жаш Гвардия проспектинен Ала-Арча суусунан өткөн көпүрөгө чейинки бөлүгү;

Кулиев көчөсүнүн Токтогулдан Чүй проспектине чейинки бөлүгү;

Безымянная көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымяннаядан Сүйөркуловго чейинки бөлүгү;

Сүйөркулов көчөсүндө (Жукеев-Пудовкин көчөсү);

Юнусалиев көчөсүндө (Сүйөркулов көчөсү);

Кулатов көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Матросов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Сүйүмбаев көчөсүнүн Чүйдөн Огонбаевге чейинки бөлүгү;

Исанов көчөсүнүн Чүйдөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Ибраимов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Клубный кууш көчөсү ("Сары-Өзөн" базары);

Курманжан-датка көчөсүнүн Жибек жолу проспектинен Славянский кууш көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Токтогул көчөсүндө "Мото" соода борборунун жанында;

Шопоков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек жолу проспектине чейинки бөлүгү;

Бобулов көчөсүнүн Чүй проспектинен Пушкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;

"Мадина" базарында (жаңы жол);

Бөкөнбаев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Киев көчөсүнүн Манас проспектинен Керимбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Киев көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Мэриянын операторлору "Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар" муниципалдык ишканасынын логотиби жазылган кийимчен болот. Бейджиктерди тагынган кызматкерлер төлөмдү тастыктап, мөөр коюлган талон бериши шарт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости