www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоюм болгон күнү “ажырашкан” деген атка кондум

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылы өлкөдө 40 миңге жакын жуптун никеси расмий каттоодон өтсө, 9 миңден ашуун үй-бүлөнүн очогу бузулган. Ажырашуулардын көбү Бишкекте, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталган. Айрым үй-бүлө 1-2 жылга жетпей эки ажырым жолго түшсө, 30 жылдан ашык чогуу жашаган жубайлар арасында да эки башка жолду тандагандар жок эмес.

Айнура 20 жашында жеңеси тааныштырган жигитке турмушка чыгууга макулдугун берген. Кудалар таанышып, калың менен сеп бычылып, той күнү белгиленет. Кыз узатуу Айнуранын айылында болсо, той Оштогу мейманканалардын биринде өткөн.

"Жеңем тааныштырган бала менен бир айдай эле сүйлөшүп, "үйлөнөбүз" дедик. Ал менден 4 жаш улуу эле. Ата-энем айылдан той беришти. Мен турмушка чыга турган бала шаарда жашагандыктан, экинчи тойду Ошто кылдык. Мейманканада кудалар сөздүн айынан катуу урушуп, бир-бирине кол көтөргөнгө чейин барышты. Биз аталарыбызга болушуп, сөзгө аралашып калдык. Жолдошум мага ачууланып, ошол жерден талагын берди. Бир-бирибизди жакшы билбегендиктен, тоюм болуп аткан күнү "ажырашкан" деген атка кондум" дейт Кара-Кулжа районунун тургуну Айнура.

Булак: t-media.kg

Последние новости