www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея кезектеги баллистикалык ракетасын сынап, аны Жапон деңизин көздөй учурду. Бул тууралуу Түштүк Корея менен Жапониянын ЖМКлары айтып чыгып, бийлик өкүлдөрү тынчсызданып жатканын РИА Новости жазат.

Шейшемби күнү эртең менен Түштүк Кореянын аскердик жетекчилери Жапон деңизи тарапка баллистикалык ракета атылганын айтып, кийин Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида бир эмес эки снаряд учканын тастыктады.

Көп өтпөй бул өлкөнүн коргоо министри Нобуо Киси Түндүк Кореянын мындай жоругу бүткүл дүйнөгө коркунуч жаратаарын айтып чыкты. "Түндүк Корея 2019-жылдын май айынан бери ракеталык комплексин байма-бай сыноодон өткөрүп келет. Албетте, ал күчтөнүүгө аракет кылып жатат. Бирок бул нерсе дүйнө жүзүнө, анын ичинде Жапонияга дагы чоң коркунуч жаратат", — деди Киси.

Ошондой эле, жапон бийлиги сыналган ракета тууралуу маалымат чогултула баштаганын кошумчалады.

Бул - Түндүк Корея акыркы мезгилде сынаган биринчи ракета эмес. Эл аралык ЖМКлар мамлекет - 27чи жана 30-сентябрь күндөрү эртең менен кезектеги баллистикалык ракеталарын текшерүү үчүн учурганын жазган. Бул кадамды АКШ Кореянын коңшуларына, дегеле бүткүл дүйнөгө кооптуу деп эсептей турганын айтып, диалогго чакырган. Бирок Ким Чен Ын АКШнын бул сунушун жөн гана душмандык мамилесин жаап-жашыруу аракети катары кабыл алып, диалогдон баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости