www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна 3 саясий партия «Шоро» компаниясынын аймагында биргелешкен курултай өткөргөндө белек жана акча таратканы тууралуу маалымат келип түштү.

Тактап айтканда, 8-сентябрда «Ата Мекен», «Реформа» жана «Улуттар биримдиги» партиялары курултай өткөрүп, белек-бечкек жана акча таратканын А.Вольный деген адам айткан. Ал кайрылуусунда курултайдын уюштуруучулары добуш сатып алууга аракеттенген болушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Бул маалымат текшерүү үчүн ИИМ жана УКМКга жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости