www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы карыздын көбүн энергетиктер алган. Бирок натыйжасы жок. Бул тууралуу энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.

--“Эгерде биз электр энергетика тармакты бүт жабдыктарын, чуубалгылардын баарын сууну бөлүш керек. Мамалекеттик суу тармагын бөлөбүз. Суу ишканасын курсак болотда. Ага Токтогул суу сактагычтагы суу кирбестен Кыргызстандагы суу сактагычтардын баардыгы кирет. Ошондой эле, сугат суу жана таза суу баарын киргизип койобуз. Мындай жакшы сунуштар башка өлкөлөрдө жок. Бизде ишке ашып калса абдан жакшы болмок. Системаны өзгөртүш керек. Мисалы, “Кыргызавтомаш” деген Алмазбек Атамбаевдин баласынын ишканасы бар. Илгертен эле ортомчусуз түз алчу. Азыр Атамбаевдин эки баласы “Автомашэнерго” деген компанияны түзүп алып, мамлекеттик тармактан электр энергиясын 1 сом 60 тыйындан алышат. Азыр бир баласы чыгып кетиптир. Атамбаев балдарын тыйгандын ордуна, “менин балдарым учредителдиктен (уюштуруучу) чыккысы келбейт” деп жүрдү.  Уюштуруучу болуп кала берсин. Бирок, Алмазбек Атамбаев электр энергиясын ортомчулары жок түз алып, ортомчу фирмасын жоюп, башкаларга да үлгү болот эле. Бирок, ортомчу фирмалардын аракети элдин ырыскысын жеген уурулук, чыккынчылык экенин билбей Атамбаевдин балдары “бизнес” деп жатышат. Чынында бул уурулук менен шугулданганга барабар. Ошон үчүн эси барында этегин жыйып, президент баш болуп, өкмөт, электр энергиясын “мамлекеттик тармак түз сатат, экспортко чыгарат” деп токтом чыгарып коюш керек. “Кыргызавтомаш” заводу мамлекеттик электр тармактан тикелей түз 2 сом 50 тыйындан сатып алыш керек, ошондо 1 кВт. саттан 1сомдун тегерегинде мамекеттик тармакка түшөт. Тарифти көтөрүүнүн кажети жок. Тышкы карыздын көбүн энергетиктер алган. Бирок натыйжасы жок. Андыктан коррупционерлерден арылмайынча бул системаны жөнгө салуу абдан кыйын. Кийинки келген прездинет ким болсо дагы аны энергетиктер башын айлантып, бул тармакты өзгөртө албайбыз деп алдашат. Себеби алган коррупционерлер өзүнчө мыйзамдаштырып алган. Жок бул тармакты өзгөртсө болбойт деп коюшат. Ортомчуларга арзан берип, элге кымбат берген агенттиктердин адамдары дагы деле иштейт. Алар бири-бири менен чырмалышып калган. Буларды ажыратып, таза системага өтүү зарыл”, - дейт Карыбеков.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости