www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын шайланган президенти Джо Байден президент Дональд Трампты коронавирустун айынын азап тарткан элге экономикалык көмөк көрсөтүү тууралуу мыйзам долбооруна кол коюуга чакырды. «Майрам күндөрү миллиондогон америкалыктар үй-жайы жана дасторконуна тамак-аш алгыдай болсун» - деди Байден.

Байдендин билдирүүсүндө, «Конгресстеги эки партиянын тең басымдуу бөлүгү жактырган экономикалык жардам тууралуу мыйзам долбооруна Трамптын кол коюудан баш тартканы үчүн Рождествонун эртеси миллиондогон үй-бүлө кантип акча табууну билбей аргасы кетип турат» - деп айтылат.

Белгилей кетсек, Трамп 22-декабрда Конгресстин 900 миллиард долларды түзгөн антикризистик чараларды камтыган пакетине кол койбой койгон.

Байден Трамптын мындай чечимин «жоопкерчиликти алуудан качуу» деп баалап, анын кесепети оор болоорун белгиледи.

Бул арада АКШ Конгресси кабыл алган антикризистик жаңы пакетте көпчүлүк америкалыктарга бир жолу 600 доллардан берүү каралган. Ал эми жумушсуз калгандарга кошумча жардам берилет. Мындан сырткары чакан ишкерликти колдоого 325 миллиард доллар жумшалса, 15 миллиард доллар авиакомпанияларга бөлүнөт.

Бирок, президент Трамп 600 долларды өтө аз деп, бир жолку жардамды 2000 долларга көтөрүүнү талап кылган. Ал пакетте абдан көп жөнү жок чыгымдар камтылганын жана америкалыктар түз жардам албай турганын билдирген.

Эгер Трамп документке кол койбосо 29-декабрга караган түнү федералдык өкмөттүн иши айрым чектөөгө дуушар болот. Конгресс дүйшөмбүдө чогулуп, өкмөттү бир нече аптага убактылуу финансылоону чечип берүүнү караштырып жатат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости