www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Сооронбай Жээнбеков мага Өкмөттү сында деп тапшырма берип, өзү кайра алардын таламын талаша баштады» - дейт Жогорку кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жээнбеков президент болгондон кийин алардын мамилеси бузула баштаган.

«Сооронбай Жээнбеков менен аябай сырдаш дос болчубуз. Ал мага өзү айтып калчу, Өкмөт башчы болуп турган кезде, «ал мага башкалар сындаганча сен сындап, кыйкырып тур» деп айкан. Мен аны шак эле кулагыма илип алып, аны чучугуна жеткизе сындачумун.

Бирок, кийин президент болуп турганда ошол учурдагы Өкмөттү сындасам, ал Мухаммедкалый Абылгазиевге болушуп, ага жан тартып калды. Ошондон кийин экөөбүздүн мамилебиз салкындай баштады. Жээнбеков менен акыркы жолу 50 жашка толгондо жолуктум. Ал туулган күнүм менен куттуктап, жакшы сый көрсөттү.

Ошол учурдан тарта мага Сооронбай Жээнбековдун эшиги тарс жабылды. Буга бир гана себеп болду. Менин Атамбаевдин тарабына өтүп кеткеним болду. Буга байланыштуу мага саясий куугунтук башталды. Ар кандай ыплас жолдор менен мени буттан чала баштады.

Жээнбеков менин оозумду жабыш үчүн, бир тууганымды түрмөгө отургузду. Буга кошо бир топ каралоолор экс-президент тарабынан болуп жатты» , - дейт депутат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости