www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетиктер өкмөттү, элди түшүнбөйт деп каалагандай калчашат. Бул тууралуу энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.

--“Ортомчу болгон компаниялар да электр энергиясын арзан алып, мамлекетке зыян келтирип жатат. 90-жылдары эл аралык каржы институттары “электр тармагын чачып, базар шартында иш алып барсаңар жардам беребиз”- деп өздөрүнүн программаларын сунушташкан. Алар Кыргызстандын эң маанилүү болгон энергетика тармагына өтүшкөн. Кыскасы, 1996 (“Энергетика жөнүндө” мыйзам) - 1997 (“Электро энергетика жөнүндө” мыйзам) - жылдары баарын чачып, жеке менчикке бергиле деген элге каршы мыйзамдар чыккан. Азыркы өкмөт башчылар, энергетиканын өкүлдөрү ошол эле мыйзамдарга таянып алып, менчиктештирүү, жеке менчик колго сатуу деген 1997- жылы чыккан токтомду ишке ашырып жатышат. Ошон үчүн парламентке эл үчүн иштейм деген азаматтар келсе, бул мыйзамдарды башынан карап, өкмөт менен бирдикте элдин жана мамлекетибиздин кызыкчылыгын эске алынган жаңы мыйзамдарды жазышы керек. Энергетиктер корупционерлердин айтканы менен санап берет.

Өкмөткө айтат айла жок, өкмөт аны түшүнбөгөндүктөн аларлын айтканы менен макул болуп алданып жүрөт. Бул жерде чоң энергомафия бар. Бул жакты жакшы түшүнгөндөр билет. Энергетика тармагын калыпка салуу үчүн оңдоп-түзөө иштерине мынча млрд. сом кетти дешет. Ошондой эле мындай тетикти сатып алышыбыз керек эле дейт. 30 жылдан бери энергетика тармагына 1 млрд. 876 миллион доллар (142 млрд.сом) салынганы менен натыйжалуу пайдаланылбагандыктан, оңдоп-түзөө иштери ойдогудай болгон эмес. Ал тургай оңдоп, түзөөнүн сапатын да эч ким текшерген эмес. Ошон үчүн ГЭСтердин абалы бүгүн мышык ыйларлык абалга кептелип, банкротко жакындап калды. Чындыгында энергетика тармагы банкрот боло турган эмес, тескерисинче кирешелүү тармак болушу керек болчу. Чынында жер үстүндө бир да мамлекетте электр энергиясын чыккан баасынан 300 пайыз кымбат сатпайт. Бизде болсо, жоготууларга учураган энергияны шылтоолоп, 316 пайызга кымбаттатып салышты. Энергетиканы каалагандай чайкаган коррупционерлердин айынан кыргыз эли кыйналып жатат”-, дейт эксперт Эрнест Карыбеков.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости