www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлиги 1 миллиондон ашык АКШ долларына мамлекет үчүн пайдасыз келишим түзгөндүгүн аныктады, - деп билдирет прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинде текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен министрликтин айрым кызмат адамдары өз кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2014-2019-жылдарга карата аудит жүргүзүү боюнча консультациялык кызматтарды сатып алууда, тийиштүү мониторинг жүргүзбөстөн ага негизсиз жогору сумманы пландаштырып, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында «D.&T.» ЖЧКсы менен билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз 1 060 730 АКШ долларына контракт түзүп, анын негизинде аталган ЖЧКга 63 млн 804 миң 432 сом которулуп, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмүндө зыян келтирилген.
2020-жылдын 5-декабрында Башкы прокуратура тарабынан жогорудагы факты Кыргыз Республикасынын ЖКнин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 322-беренесинин ("Билип туруп пайдасыз контракт түзүү") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү жагы тийиштүү тергөө органдарына тапшырылган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg