www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 50 жаштагы аялды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу жабырлануучунун жакындары билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

Жол кырсыктан каза болгон Миргүл Айткулованын кызы билдиргендей, окуя 30-январь күнү Тыныстанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Ал эми каза болгон аялдын уулу Азизкан Алымбаев жол кырсык катталгандан кийин апасы 3 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып каза болгонун жазды.

«Менден апамды тартып алып коюшту. Апам болгону 50 жашта болчу. Ал эң шайыр адам эле, Кореядагы кыргыз диаспорасынын лидери, Кореядагы миңдеген кыргыздарга жардам берген, ал жөнүндө китеп да жазышкан, көптөрдү шыктандырган инсан болчу. Ал жашоону абдан жакшы көрчү, быйыл саякаттоону пландаган жана буга чейин көптөгөн өлкөлөргө барып келген. Ал ар дайым энергияга жана позитивге толуп турчу. Ал эми эртең менен апам чуркоо үчүн чыкканда айдоочу сузүп, жашоосун алып койду.

Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы бул адамды үй камагына чыгарып жиберди. Шектүү канчалык кылмыш жасаганын сезе элек», - дейт маркумдун уулу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости