www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Францияда пенсия реформасынын кабыл алынышынан улам келип чыккан массалык баш аламандыктар 5 күндөн бери уланууда. Бул тууралуу МИР 24 билдирди.

Мындай абал азыр өлкөнүн бардык ири шаарларында болуп жатат. Бир нече миң демонстранттар дөңгөлөктөрдү жана таштандыларды өрттөп, укук коргоо кызматкерлерине петарда ыргытып, айланасындагылардын баарын талкалап жатышат. Милиция каршы күрөшүүгө аргасыз болууда. Толкуган элге каршы дубинкалар, үн чыгаруучу гранаталар жана көздөн жаш агызуучу газ колдонулуп жатат. Учурда жүздөгөн адамдар камакка алынды.

Бирок буга карабай митингчилер артка чегинишкен жок. Анын үстүнө оппозиция бүгүн өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн добуш бергени жатат.

Баш аламандыктын баары өкмөттүн пенсия курагын 62 жаштан 64 жашка көтөргөн жаңы мыйзам долбоорун кабыл алгандан тарта болуп жатат.

Бийлик өз аракеттерин Конституциянын беренесине таянуу менен түшүндүрдү. Солчул партиялар мындай кадамды демократиянын соңу деп аташкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости