www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-августта, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров ушул тапта журналисттерге жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Азимбек Бекназаров Кыргызстан азыр Орусия менен алакасын жакшыртуу керектигин билдирди.
"Көпчүлүк өлкөлөрдө ырааттуу, системалуу тышкы саясат бар. Бизде болсо, ар бир келген президент өзүнүн тышкы саясаты менен өз билгенин кылып жатат. Ал эми башка мамлекеттерде мындай эмес, аларда президент кетсе деле тышкы саясат ишин уланта берет. Мен азыр Кыргызстанда мындай тышкы саясаты бар деп да айта албайм.
Кыргызстан биринчи кезекте Орусия менен алаканы жакшыртыш керек. Анткени, биз экономикалык, саясий, аскерий жана бажы багытында кызматташабыз. Андан кийин гана Түркия менен Кытай өлкөлөрү турат", - деди Бекназаров.
Белгилей кетсек, буга чейин Азимбек Бекназаров "иштей албагандыгына" байланыштуу кызматынан кетти деген "ярлык" тагылганы менен 2 жылдын ичинде бийликке бир нече сунуш-каттарын ММКлар аркылуу ачык билдирип келгени белгилүү.
Азимбек Бекназаров үстүбүздөгү жылдын 5-августунда "Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кызматтан алынды" деген чечими менен кызматтан кеткен.
Булак: NazarNews.kg