www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путиндин Казакстанга качан бараары белгилүү болду

Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылдын 12-14-октябрында Нур-Султан шаарында өтө турган Азиядагы кызматташтык жана ишеним чаралары боюнча жыйынга катышат. Мындан тышкары, орус лидери Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) саммитине катышат жана Россия-Борбор Азия форматында саммит өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу мамлекет башчынын эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

«Биздин лидердин Нур-Султан шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча жыйынга катышуусу жана ал жерде Нур-Султан шаарында КМШнын саммити өтүшү күтүлүүдө. Бул октябрь айынын ортосу, тагыраагы 12-14-октябрь», - деди орус президентинин жардамчысы.

Ушаков ошондой эле Орусия президентинин Казакстанда болушу учурунда мамлекет башчысынын «Орусия – Борбордук Азия» форматында саммитин өткөрүүнү пландап жатышканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости