www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда алтын куйма кармап түшкөн бир тууганы Сабыр Жапаровдун талкуу жараткан сүрөтүнө түшүндүрмө берди.
— Учурда социалдык түйүндөрдө агаңыз Сабыр Жапаровдун чет элдиктерге окшош бир бейтааныш киши менен алтын куймасын кармап түшкөн сүрөтү талкууланып жатат. Бул талкууларды акыркы убакта "19 тонна алтын жок" деген сөздөр да кызытып жаткандай. Ушуга кандай жооп бересиз? Дегеле агаңыздын тиешеси кандай?
— Бул сурооңузга так жооп берип кетейин. Мамлекетке тиешелүү алтындарга менин бир туугандарым эле эмес, мен дагы жолой албайм.
Өткөн жылы "Кумтөрдү" кайтарып алуу процесси жүрүп жатканда Теңгиз мырзага: "Кимдир бирөөлөрдү гана эмес, мени дагы укпагын, ар бир грамм алтын, ар бир сом үчүн керт башың менен жооп бересиң! Мамлекеттин укуругу узун, бир сомдун артынан сая түшүп издеп табат", — деп айткан элем.
Ошентип бир да кадр киргизбедим, бир дагы ишине кийлигишпедим. Себеби "Мына сиз кийлигишип, "Кумтөр"ишин толук аткара албай калды" деген дооматтар болбосун дедим. Толугу менен өзүнүн эркине койдум. Теңгиз мырзанын башкаруу убагында алтын боюнча эч кандай маселе болгон жок. Болушу да мүмкүн эмес эле. Анткени алтын уурдоо деген түшүнүк ал жакта жок, баары компьютерлештирилген.
"Кумтөрдөн" баштап "Кара-Балтага", андан бери "Кыргызалтын", анан Улуттук банкка чейин 24 саат бою видеокамералар, сакчылар, текшерүүчүлөр коюлуп, бири-бирине акт менен өткөрүп берип турушат.
Ал эми кен иштетүүдө керектүү товарларды сатып алууда жогорулатылган баа көрсөтүлгөн учурлар аныкталды. Ал боюнча азыр тергөө тобу иштеп жатканын билесиздер. Теңгиз мырзанын катышы барбы же жокпу, аны тергөө аныктайт.
Убагы келгенде аны да айтабыз. Элден жашыра турган эч нерсебиз жок. Мындан ары эч нерсе жашыруун болбойт.
Мамлекет башчы ага жана бир туугандарына бир грамм алтындын кереги жок экенин айтып, алтынсыз жашап келгендерин кошумчалаган.
"Алтынсыз эле жашап келгенбиз, алтынсыз деле жашай беребиз. Тескерисинче, бир туугандарым мамлекетке кандай жардам берсек деп ойлонушат. Ишимде кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, бир туугандарым "мурдагы президенттердин катасын кайталабасак экен, президенттик мөөнөтү бүткөндө элдин жүзүн ачык карап жүрсөк экен" деп сарсанаа боло башташат. LBMA биздин алтын сатуубузду чектеп койгондо баары сарсанаа болушканы эсимде. Бир тууганым "балким жардамым тийип калабы" деп Түркияга барган экен. Кумтөрдүн алтынын сатыш үчүн эмес, жалпы эле Кыргызстанда өндүрүлгөн жеке жактардын алтынын канчадан сатып алып жаткандарын билиш үчүн барыптыр. Бирок абдан эле төмөн болгондуктан, бир грамм алтын сатылган эмес", — деген Жапаров.
Президент чет өлкөдөн келген конок, инвесторлор бардык мамлекетте эле президенттин жакындарына чыга берерин айтып, мындай иштер буга чейин да болуп келгенин кошумчалаган.
"Мурдагылардын катасы жакындарын мамлекеттик иштерге аралаштырып жибергенинде болгон. Мен андайга жол бербейм. Кайда, канчадан сатсак болорун агамдын жардамы жок эле мамлекет өзү билип алат. Президент болуп бир мөөнөт отурамбы, эки мөөнөт отурамбы, кыскасы, мөөнөтүм бүткөндөн кийин жер карабай, башты бийик көтөрүп жүргөндөй болуп кетем. Мен өлкө башына келгенге чейин бир дагы алтын кен толугу менен 100 пайыз мамлекеттики болгон эмес", — деген өлкө башчы.
Эске салсак, социалдык тармакта өлкө башчы Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаровдун алтын куйма кармап турган сүрөтү тарап, социалдык тармакта бир топ талкуу жараткан.
Булак: NazarNews.kg