www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-августта, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров ушул тапта журналисттерге жыйын өткөрүп жатат.
"Садыр Жапаров мени Сокенин азабынан куткарып, эркиндикке чыгарды. Мени "иштей албагандыгына" байланыштуу кызматынан алынды деп чыгарды. Мени бул сөзүнө кошулбайм, бул жүйө да чындыкка дал келбейт. Мына ошол кызматтан алындан кийин мен Садыр Нургожоевичке кат жаздым. Бирок, бир ай болсо да жооп ала элекмин. Эгер Президент жооп бербесе анда мен соттошууга аргасыз болом. Бирок мен Садыр Жапаров менен соттошкум келбейт", - деди Бекназаров.
Ошондой эле, ал Кыргызстанга келгенден бери Садыр Жапаров менен жүзмө-жүз жолуга электигин белгиледи. Буга кошо Бекназаров кызмат сунуштаса барбай турганында кесе айтты.
Булак: NazarNews.kg