www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо президенттик администрацияны мамлекет башчынын агасы Сабыр Жапаровдун сүрөтү боюнча маалымат берүүгө чакырды.

Эл өкүлү калк арасында түрдүү кеп тарап жатканын белгиледи.

"Алтын боюнча эл арасында ар кандай сөздөр чыгып, "уурдалып жатат, башка болду" деп жатат. Президенттин администрациясы ушул боюнча маалымат берип койбойбу. Чын эле алтын болсо алтын, балмуздак болсо балмуздак деп айтып коюш керек. Ар кандай нерсеге бөгөт коюшу керек. Бүтүндөй эл ызы-чууга, ар кандай нерселерге алынып кетүүдө. Бул боюнча Жогорку Кеңешке дагы келип так маалымат берсе жакшы болот эле", — деди Самыйкожо.

Белгилей кетсек, соцтармакта өлкө башчы Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаровдун алтын куйма кармап турган сүрөтү талкуу жаратууда. Президенттин маалымат катчысы бул сүрөт эски экенин айтып, кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалаган. Кээ бир интернет-колдонуучулар алтын куймасын балмуздакка окшоштуруп, сүрөтүн чыгарууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости