www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыздарга карата көрсөтүлгөн зомбулук боюнча бийликтин эң жогорку күн тартибинде каралып, катуу көзөмөлгө алынып, кылмышка шектүүлөр катаал жаза менен жазаланышы керек», - деди бүгүн, 8-августта NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Рамазан Дырылдаев.

- Кадамжайда үрөй учурган окуя болду. Эми жаш кызды зордуктап, өлтүрүп койгондорго кандай жаза берилиши керек?

- Тилекке каршы, андай зөөкүрлүк эл арасында күчөп жатат. Өзгөчө аялдарды зордуктаган, сабаган, анысы аз келгенсип Кулов көтөргөн «кыздарды сүннөткө отургузуп жатат» деген кооптуу маселе келип чыкты. Мындай иштерге бүт коом каршы туруш керек.

Президент да Кадамжайдагы окуяны жеке көзөмөлүнө алаарын, кызга ыдык көрсөткөндөр жазасыз калбаарын да кайрылуусунда айтты. Эми мындан ары ишке мыкты адистерди, мыйзамды урматтагандарды тартыш керек.

Антпесек, мыйзам иштебей, жооптуу кызматтарга ар ким өз таанышын тарта берген үчүн ушундай акылга сыйбаган иштер орун алып баштады. Эми бул маселе боюнча сөзсүз катаал жаза берилиши керек.

Сот, прокурор, ИИМ да катуу иштеши зарыл. Кыз зордуктоого, адам өлтүрүүгө кириптер болгондор амнистияга да туш болбосун. Ошондой эле, бул маселе учурда көтөрүлүп, анан унутулуп калбашы абзел.

Анткени, мындай үрөй учурган нерсе Кыргызстанда биринчи эле жолу болуп жаткан жок. Эсиңерде болсо, бир эки-жыл мурун Айзаданы уурдап барып, өлтүргөндө да бүт дүйнө жүзүнө шерменде болгонбуз. Бирок, эмнегедир аны бат эле унутуп коюшту. Эми бул маселе бийликтин эң жогорку күн тартибинде каралып, катуу көзөмөлгө алынып, кылмышка шектүүлөр катаал жаза менен жазаланышы керек.

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Бул трагедия боюнча үн каткан Садыр Жапаров кылмышкерлер өтө катуу жаза алуу керектигин жана аталган иш жеке көзөмөлүндө болорун айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости