www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-августта, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров журналисттерге жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Азимбек Бекназаров элчилик кызматтан кеткенден кийинки кадамдары тууралуу айтып өттү.
"Рахмат. Мен эркиндикке чыктым. Элчилик кызатта болгондон кийин сөзүз түрдө дипломаттык этиканы сакташ керек. Мен мына акыркы эки жарым жыл ичинде этиканы сактап, коомчулукка көп чыкпай келдим. Эми мындан ары мен өз ишимди баштайм", - деди Бекназаров.
Эске салсак, 5-августта Садыр Жапаров Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулганы тууралуу жарлыкка кол койгон.
Президен "Мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынды" деп белгилеген.
Ал эми бул кызматка Бекназаров 2019-жылдын декабрында дайындалган болчу.
Булак: NazarNews.kg