www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Балбак Түлөбаев жол киреге байланыштуу маселени мэр чече албай турганын, шаардык кеңеш шайланып келгенден кийин гана чечилерин айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасындагы видео кайрылууда билдирди.
«Бишкек шаардык кеңеши шайланып келсе, май айында маршруткаларга жол кире акысын 15 сомго, мектеп окуучулары менен пенсионерлер үчүн 10 сомго деп сүйлөшкөнбүз.
Экономика министрлигинин анализинен өткөн, бир-эки айдан бери сайтта илинип турат. Эми шаардык кеңеш келгенге чейин кичине күтүп турбайсыздарбы?
Мен сиздерден өтүнөм, азыркы мэр деле мурунку айтылган сөздөрдүн артынан келе жатат, Азыркы мэр деле эч нерсе кыла албайт, себеби шаардык кеңеш жок, тарифтин көтөрүлүшүн шаардык кеңештин депутаттары кабыл алышы керек», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg