www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

МАРИПОВ Улукбек жаңы түзүлгөн министрлер кабинети менен өкмөттө жыйын өткөзүп, элге кандай каалооңор бар деп калат.

- Мени эл тааныбайт, мен элди тааныбайм ! - дейт алгач сөздү биринчи вице-премьер министр, чүйлүк ЖУНУШАЛИЕВ  Айбек алып.

- Китепканаларга приоритет беришибиз керек. -дейт экинчи болуп китепканадан келген вице-премьер - министр Жылдыз БАКАШЕВА;

- Менин ордумдагылардыкы бир буту тамакта, бир буту камакта... - дейт вице-премьер-министр Дастан ДОГОЕВ.

- Тышкы карыздарыбыз көп экен, быйыл да бюджет млрддаган сомдон ашуун тартыштык менен баратат, бирок биз атка минерлерге  жеткизип жатабыз. - дейт вице-премьер-министр КАРЫМШАКОВ Улукбек 

- «Кумтөр» алтын кенинен мен «грамм» да пайда көргөнүм жок. Пайда көрсөм «майнеке болоюн». - дейт тонналап пайда тапканга көнгөн Финансы жана экономика министри Акылбек ЖАПАРОВ.

- Электрэнергиясынын тарифине өчүм бар, сөзсүз көтөрөм. – дейт Энергетика министри Кубанычбек ТУРДУБАЕВ;

- Тышкы иштер министри Руслан КАЗАКБАЕВ:

- Тышкы саясатыбыз баамчыл Бабановдун көз карашы менен өсүш керек. Ал Москвага барып кыргызча сүйлө десе, кыргызча сүйлөйм. Күрдчө сүйлө десе, күрдчө сүйлөйм.

- Менин деңгээлим ефрейтордой эле, бирок генералдарды бийлеген кызматка отурдум.  Арийне, пара менен кармалып, сырткы формам генерал болгону менен, ички мазмунум ефрейтор бойдон калды. – дейт андан соң  Коргоо министри Таалайбек ӨМҮРАЛИЕВ;

- Анатомиялык белгилер менен айтканда менин өпкөм тубаса калдайып чоң. Географиялык-генетикалык шарт ошондой. Министр абалымда кекиртегим да «Безразмерный» чоюлуп баратат, андан тышкары албетте, кардым да акча каражаты үчүн көлөмдүү, ошол үчүн «Уу коргошун» ичип коронавирустан сактанып өлбөш керек.  - дейт Саламатыкты сактоо министри Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ чыгып;

Транспорт жана коммуникация министри тигүүчү Гүлмира АБДРАЛИЕВА:

- Кыргызстан жолдон эмес, «портнойлуктан» көбүрөөк акча таап жатат. Ошондуктан, жол киренин баасын көтөрүшүбүз керек.

Кезекти Билим министри Болот КУПЕШОВ алып күпүлдөйт:

 - Кимдин –кимдин заманы көлдүктөрдүн заманы. Соода борборунда алып сатар болгонум менен илгери мугалимдик дипломду алгам. Мен ректор да болуп көргөн эмесмин. Атамбаевге каршы күрөшкөнүм жок.  Эл мага «2» деген баа коюшуп, бул орунга жарабайт дешет... Арийне, иштеп эле жүрөм.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек АЖИКЕЕВ:

- Кыргызстан сейсмологиялык аймак, биринчиден, жер титирөөлөрдөн дайыма сак болушубуз керек. Экинчиден, Аке үйдө болуп турган бийлик алмаштыргыч «жер титирөөлөрдөн» дайыма сак болушубуз керек.   – дейт.

Айыл чарба министри Аскар ЖАНЫБЕКОВ:

- Үй жаныбарларына паспорт алып койдук, мактап койсо курт-кумурскадан өйдө паспорттоштуруп койом.-дейт.

Ички иштер министри Улан НИЯЗБЕКОВ:

- Коррупция деген бар абайлагыла! - дейт жан-жагын карап.

Инвестицияны коргоо министри Алмамбет ШЫКМАМАТОВ:

 - Социалдык жактан өнүктүрүүгө муктаждар көп, ал эми капиталисттик жактан өнүккөндөр да жок эмес. Инвестицияны Атамбаев өтө байларга берет турган, биз өтө эмес байларга беребиз.

 Маданият, маалымат жана туризм министри Кайрат ИМАНАЛИЕВ:

- Чектен чыккан маданияттуулук деген эмне?  Шоумендерди чакырып конок кылуу.

Анда  Адилет министри Асел ЧЫНБАЕВА минтип айтат имиш:

- Адилет министри болгонум менен адилеттүүлүгүм жок эмеспи, ошондуктан эл эмес, өкмөт өссө экен дейм!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости